Бүгүн дүйшөмбү күнгө өкмөт башчы Мухамбеткалый Абылгазиевдин коронавируска каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Жогорку Кеңеш отчетун карамак. Депутаттар өкмөттү бул илдет боюнча эле эмес, анадан ары экономикалык кризистен чыгуу программасын да сурайбыз деп отурушкан.

Ал ортодо жума аягындагы Тажик кыргыз чек арасындагы жаңжал, табыгый кырсыктар коштогон жагымсыз абал өкмөттү кооптонууга түртүп, айрым депутаттар менен өкмөт сүйлөшө калып, отчетту белгисиз мөөнөткө жылдыра койду.