Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын учурундагы реформаларды аткаруу комитетинин башчысы Михаил Саакашвили эгерде Киев менен Тбилисинин ортосундагы мамиле бузула турган болсо, грузин эли ачаарчылыкка кириптер болорун айтты. Бул тууралуу өз оюн ал Mtavari Arxi телеканалына билдирген.

Саакашвилинин оюу боюнча Украина эмес, тескерисинче Грузия Украинага көбүрөөк муктаж. Буга мисал катары ал Грузиянын дүкөндөрүндө сатылып жаткан бүтүндөй дан азыктары, гречка, эт азыктары, колбаса, сүт Украинадан ташылып келерин көрсөткөн.

 «Биздин өлкөнүн продукциясын сатууда Украина өтө маанилүү рынок болуп саналат. Украиана менен мамилени бузуу эртең Грузиянын эли ачкадан өлөт дегенди билдирет!»,-деген өз сөзүндө Саакашвили.

Белгилей кетсек,  Михаил Саакашвилини Украина президенти Владимир Зеленский  7-май күнү Реформаларды аткаруу комитетинин төрагасы кылып дайындагандыгына байланыштуу Грузия бийлиги нааразычылык билдирген.