Окумуштуулар 2020-жыл ыссык болот, мөңгүлөр ээрийт деп кулак кагыш кылып келүүдө. Ал эми NASAнын бир долбоору Антарктиданын батыш жагын көп жылдардан бери изилдеп келет. 16 жылдык иликтөөдөн соң, космостук агенттик жакындап келе жаткан экологиялык алааматтын далилдерин коомчулукка жарыялады.

2003-жылдан тартып 2019-жылга чейин ICESat-2 спутниги Антарктиданын батыш жагына көз салып турган. Анын эң башкы максаты мөңгүлөрдүн кандай ылдамдыкта эрип жаткандыгын изилдөө болчу. Ал атайын жабдыктар менен иш алып барган. Иш учурунда суунун деңгээли 14 миллиметрге көтөрүлгөнү байкалган.

Расмий маалыматтарга караганда, глобалдуу күндүн жылышынан улам Антарктидада жыл ичинде 120 гигатонна муз эрийт, ал эми Гренландияда 200 гигатонна. Бул океандардагы суунун көбөйүшүнүн үчтөн бир бөлүгү. Тасмадан жакындап келе жаткан экологиялык алааматтын масштабдарын жана жер жүзүнүн мөңгүлөрү кандай ылдамдыкта эрип жаткандыгын байкоого болот.