Гульнара Каримованын балдары Ислам менен Иман Каримовдордун атынан жүргүзүлүп жаткан социалдык тармактардагы баракчаларда козголгон кылмыш иши боюнча зыяндын ордун толтуруу үчүн Г. Каримова Өзбекстанга 1,2 млрд. АКШ доллары өлчөмүндө сумманы түзгөн мүлктү Өзбекстанга өткөрүп бергендиги тууралуу маалымат тараган. 

Ошентип, Гульнара Каримованын мамлекетке өткөрүлүп берилген активдеринин ичинде «Узбекистон почтаси» («Өзбекстан почтасы»), Perfectum Mobile уюлдук оператору, ошондой эле Ташкенттин мыкты делген райондорунан орун алган 98 батир ж.б. бар.

Мындан сырткары, бул тизмеден МДС медициналык борборун жана эки клиниканы, Levi’s, Mango, Benetton жана башка дүйнөлүк бренддеги дүкөндөр тармагын, беш ресторан, төрт кинотеатр, эки спорттук жана спа-клуб, 20дан ашык курулуш аянтчаларын, риелтордук компанияларды, айыл чарба үлүштөрүн, мал багуучу фермаларды көрүүгө болот.

Белгилей кетчү нерсе, кенже Ислам Каримов өз кайрылуусунда апасына таандык дагы бир катар активдер эч кандай сот процесстери жок эле азыркы президент Шавкат Мирзиёевдин, ал эми Өзбекстандагы  Coca-Cola заводу президенттин бажасынын карамагына  өткөрүлгөндүгүн белгилеп кеткен.