Кыргызстандын элчиси Түштүк Кореянын KT Corporation глобалдык бизнес тобунун аткаруучу директору менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги билдирди.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын апрель айында Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова KT Corporation тобунун аткаруучу директору Янг Сэм Ким жетектеген делегация менен жолугушкан.

Элчи жана КТCorporation башчысы МЖӨ принцибинин негизинде электр бөлүштүрүүнү автоматташтыруу жаатында долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тууралуу сөз болуп, өз кезегинде Корея Кыргызстанга энергетика тармагында инвестиция салууга болорун айткан.