Бүгүн, 11-майда Район аралык сотто укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароо белгиленген эле. Бирок, сот залында президенттин чечими менен Бишкектин район аралык соту жоюлуп кеткени маалым болду. Ишти карай турган судья Чолпон Досмамбетова бул жарлык тууралуу өзү да бүгүн жумушка келгенден кийин билгенин айтты.

“Район аралык сот жоюлганын бүгүн эле билдик. Президенттин буйругу чыгыптыр. Жарандык-процессуалдык кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык мындан ары район аралык сот жок. Анын ордуна административдик соттор түзүлдү. Азырынча судьялар жумушка чыга элек. Биз район аралык соттун судьялары болчубуз. Ал жоюлуп кеткендиктен ишти карай албайбыз. Ал эми административдик соттун судьялары дайындала элек, күтүп жатабыз”, – деген ал.

Чолпон Досмамбетованын маалыматына караганда, президенттин район аралык сотторду жоюу тууралуу жарлыгы 8-майда чыккан. Бул билдирүү сотко келгендер арасында нааразылык туудурду. Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова маалымат таң калычтуу экенин айтты. “Өз элин сыйлаган мамлекетте бийлик мындай кабарларды эрте айтып «сотко келбегиле» деп радио, телеберүү аркылуу элге маалымат бериш керек”, – деди Исмаилова.