Ош шаарында санитардык-карантиндик эрежелерди сактабаган 51 мекеме жабылды. Бул тууралуу бүгүн 11-майдагы онлайн брифингде, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында 7 мобилдик топ уюштурулуп, алар ишин баштаган мекемелерге күчөтүлгөн тартипте текшерүү жүргүзөт.

“11-майдан баштап Ош шаарындагы 691 объектти 7 мобилдик топ текшере баштады. Бүгүнкү күнгө карата санитардык-карантиндик талаптарды сактабаган 13 ишканага айып салынып, 51 мекеме жабылды”, — деди Сарыбашов.