Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагынбаев СИЗОнун башчысына ооруп жатканы боюнча кат түрүндө да, оозеки да кайрылган эмес. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

«Канат Сагынбаев СИЗОнун башчысына кат түрүндө да, оозеки да кайрылган эмес. Соттук процесске чыгардын алдында соттолуучуларды медицина кызматкерлери текшеришет. Эгерде анын дене табы жогору болсо же бир жери ооруп жатса аны процесске чыгарбайт эле», — деп айтылат ЖАМКтын маалыматында.

ЖАМКнын басма сөзү кененирээк кабар дагы бериле турганын кошумчалады. Эске салсак, бүгүн, 11-майдагы Койташтагы окуяга байланыштуу соттук отурум өтүп жаткан учурда КСДП партиясынын мүчөсү Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Сагынбаев өзүн начар сезип ооруп жатканын, ал коронавирус жуктурган болушу мүмкүн экенин айткан. Маалым болгондой буга чейин СИЗО -1 де иштеген кызматкер коронавирус жуктурганы кабарланган.