Түркияда коронавирустун дарысын сатууга уруксат берилди. Бул тууралуу маалымат министри Фахреттин Алтун «Твиттер» баракчасына жазды, бирок кандай дары экенин так айтаган эмес.

«COVID-19 илдетин дарылаш үчүн жергиликтүү фармацевтикалык фирма тарабынан дары иштелип чыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык препараттар агенттиги бул дарынын өндүрүшүнө ыкчам уруксат берип, дарыканаларда сатууга уруксат берилди»,- деген министр.

Ал эми Италиялык окумуштуулар дүйнө жүзүндө биринчи жолу коронавирусту өлтүрө турган вакцинаны таптык, деп билдиришип, эми аны жакынкы арада адамдарга сынай турганын айтышкан. Бул тууралуу Британиянын Daily Mail басылмасы жазып чыкты. Окумуштуулар вакцинаны чычкандарга колдонуп көргөн.

Адегенде ийне сайышып, анан антителага анализ алышкан. Алдын ала алынган натыйжаларга караганда, бул антителанын коронавирус жуктурууну токтотууга кудурети жетээри көрүнгөн. Вакцианын иштеп чыгып жаткан компаниянын жетекчиси, масштабдуу сыноолор быйыл күзүндө өтөөрүн жана италиялык изилдөөчүлөр дүйнөдө биринчи жолу вакцина менен коронавирусту өлтүрүүгө жетишишкенин көрсөтө алышты, деп белгилөөдө.