Коом

Ат-Башыда митинг, жыйналыштарды өткөрүүгө тыюу салынат

Бүгүн, 11-майда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов маалымат жыйын берүүдө. Анда өкмөт өкүлү облус аймагындагы акыркы абал тууралуу маалыматтарды айтып жатат.

Ал 11-майдан баштап бардык жерде өзгөчө абал алып салынып, өзгөчө кырдаал иштеп баштаганын маалымдап, Өкмөт тарабынан Ат-Башы жергесинде атайын карантинди киргизүү боюнча буйрук чыкканын ошондуктан бул аймакка карантин киргизилин баса белгиледи.

«Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды, Ак-Жар жана Ат-Башы айылдарынын кире беришинде санитардык-карантиндик посттор уюшулду. Ат-Башы жана Ача-Кайыңды айылдарындагы соода түйүндөрү кечки 19:00гө чейин, ал эми калктын күнүмдүк керектөөлөрү, авто тетиктерди, курулуш материалдарын саткан соода жайлары 18:00гө чейин иштейт. Ошондой эле кызмат көрсөткөн чач тарач, сүрөт салон, автоунаа оңдоочу жайлары да 18:00гө чейин иштей турганы анык болду. Район аймагында митинг, жыйналыш өткөрүүгө тыюу салынат», — деп кошумчалады өкмөттүн өкүлү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button