Россияда бир сутка 11 миң 656 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Белгилүү болгондой, Россияда жалпы вирус жуктургандардын саны 221 миң 344гө жеткен. Дүйнөлүк рейтингде Россия үчүнчү орунга чыкты.

«Учурда Москва шаарында вирус эң көп катталды. Ал эми бир суткада 94 адам каза болуп, эпидемия башталгандан бери 2 миң 9 адам көз жумган», — деп жазылат маалыматта.