![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/05/5e83193a001a8432393576.jpg)
Бет кап тагынганды унутпа! Суракматов беткапсыз жүргөндөр канча сомго айыпка жыгылаарын айтты
![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/05/5e83193a001a8432393576-1024x683.jpg)
Жарандардын карантиндик жана санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн бир катар статьялар каралган. Бул тууралуу Бишкектин мэри Азиз Суракматов бүгүн 11- майда онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымында, мыйзамга акыркы өзгөртүүлөр жана толуктоолор 2020-жылдын 3-апрелинде киргизилген. Карантин эрежелерин бузгандарга 1 миңден 180 миң сомго чейин айып салышы мүмкүн. « Санитардык нормаларды бузууга өзгөчө көңүл бурулат — бет кап кийбегендиги үчүн 1 миңден 5 миң сомго чейин айып салынат », — дейт мэр.
Азиз Суракматов кошумчалагандай, экономикалык иш жандана баштаганда, борбордо иштеген бардык субъекттер санитардык эрежелерди так аткарышы керек: бет каптарды кийип, колдорду дезинфекциялап, коомдук жайларда эки метрден кем эмес санитардык аралыкты сактоо керектигин шаардыктарга эскертти.