Иран жаңылышып 40 адамдан турган аскер-унаа кемесин атып алды Лента.ру маалымат агенттиги жазып чыккандай. Ирандын аскер-деңиз күчтөрүнүн эсминеци машыгуу учурунда жаңылыштыктан өздөрүнүн башка аскер кемесин атып алган.

Маалыматка ылайык, бул трагедиялуу окуя Оман кысыгында болгон. Ирандын аскер-деңиз күчтөрүнүн эсминеци машыгуу учурунда жаңылыштыктан башка аскер кемеси, Konarak аскер-унаа кемесин көздөй ракета аткан.

Ракета тийгенден кийин Konarak кемеси чөгүп кеткен. Натыйжада аскер-унаа кемесинин 40 адамдан турган экипажы бүт курман болгон.