Коронавируска байланыштуу 9-жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн
мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан
айырмаланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын
түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет.
Билим берүү жана илим министрлиги мындай чечимди биринчи кезекте
окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алды. Ошондой эле
бүтүрүүчүлөрдө ЖРТга көбүрөөк убакыт ажыратып, жакшылап
даярданууга мүмкүнчүлүк жаралды.

Министрлик сунуштаган формат боюнча ар бир мектепте тиешелүү
буйруктун жана убактылуу жобонун негизинде предметтик комиссиялар
түзүлөт. Алар бүтүрүүчү класстын окуучусунун текшерүү, практикалык,
лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым
жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу
экзамендик бааны коюшат.

Эгер окуучу же алардын ата-энелери (же аларды алмаштыруучу жактар)
жалпы мамлекеттик аттестацияда коюлган баага макул эмес болсо,
апелляциялык комиссияга кайрыла алат. Апелляциялык комиссия жобого
ылайык арызды карап чыгат.
Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен
өтөт.