AppleMark

«135 жыл мурун менин Шамду (Шахмурад) деп коет, Шамду Кокон хандыгынан Чүйгө келгенде жерин берип, үйлөнтүп, бала кылып, мына урпактарын лидер кылып жүрөт ушу ачыгын айтканда», — деп Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы кезинде айткан сөзү бар.

Ал убакта бул сөзгө көп деле маани берген эмес экенбиз. Көрсө, сыр түйүнү, АШАнын мамлекетибизге жасаган мамилесинин эмне себептен тескери болуп жатканынын өзөгү дал ушул айткан сөздөрүндө катылып жаткан турбайбы. Атамбаев 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин дээрлик 2017-жылдын 24-ноябрына чейин бийликте турду. Анын мамлекет башчысынын деңгээлине татыбай кеткен сөздөрү, дипломатиялык эрежелерди сактабай айткан «балп» этмелери элибиздин башын далай шылкыйтты.

Көрсө, ал «Ачыгын айтайын», «Кудай урсун» деген сөздөрдү өтө көп колдонуп жатып эле, мамлекетибиздин кызыкчылыгына каршы келген бир топ иштерди жасап салыптыр. Муну албетте коомчулук кечирээк билип калды. Бул жаатта кеп өзүнчө болушу керек. Бул жолу анын өзүнүн ата-тегин жашырып, бирде баткендик, бирде таластык, бирде чүйлүк боло калган жагдайы тууралуу айталы. Алмазбек Атамбаевдин бир тууган агасы Калыйбек Шаршенов коңшулаш Өзбекстандын жараны болгон.

Бул тууралуу АША өзү да убагында көп эле айткан. Ал өзү мамлекет башында турганда Өзбекстандын президенти Ш. Мирзиеев менен болгон жолугушуусунда 1993-жылдан бери көрө элек бир тууган агасын 2007-жылы премьер-министр кезинде (Ш. Мирзиеев да ал убакта коңшу мамлекеттин премьер-министри болгон) тапканын, болгондо да аны Мирзиеев өзү таап бергенин айтканы бар.

Ошондо ал бир тууган агасын 2007-жылы эле тапса (14 жылдык көрүшпөгөн убакыттан кийин), анда неге аны менен андан кийин деле жакшы мамиледе болбой, узак убакыт бою Кыргызстанга алып келгенге жараган эмес? Мусулманчылыкта «Бир тууганынан кабар албаган, аны менен мамиле үзгөн адам эч качан бейишке кирбейт» деп айтылат. Бир тууганына жылуу мамиле жасай албаган адам кантип элге жакшылык жасамак эле деген да суроо бар. Дагы бир суроо, эмне себептен Калыйбек Шаршенов Өзбекстанда жашап калды эле? Мына ушуну Атамбаевдин ата-теги өзбек улутунан болгонбу деген суроого жетелей турган биринчи учук. Экинчиден, Атамбаевдин «Мен дайыма айтам, бирөө сурайт да «кыргыздын душманы ким?» деп. Кыргыздын душманы кыргыз.

Мына Манас атабызды билесиңер, өлөөрүндө айткан Каныкей апабызга: «Талас сага жер болбойт, таластыктар эл болбойт» деп Ташкентке качырган, Ташкентке кыргыздардан. Манас кыргыздардан өз үй-бүлөсүн качырган», — деп эмне себептен айтканына бир үңүлүп көрбөйлүбү? Эмнеге ал өзү билип эле Манас атабызга Каныкей апабызды Ташкентке качырттырып жатат? Көрсө, мунун төркүн мындай тура.

Чындыгында эле Атамбаевдин бабабы Шахмурад Чүйгө Кокондон келген экен. Маалыматтарга караганда, Шахмурад Кокон хандыгынын Бишкектеги өкүлү Рахматулла датканын ишенимдүү жигити болгон экен. Рахматуллага датка деген статусту Кокон хандыгынын акыркы ханы Кудаяр Шералы уулу ыйгарган (1861-1862-жылдары). Ал убакта Чүйдөгү активдүү кыргыздар Россия империясы менен мамиле курууну баштаган. Ошондо Рахматулла датка Байтик баатыр Канай уулунун баласы Байсалды туткунга алат. Муну Байтик баатыр билсе дагы, жазга чейин өзүн-өзү карманат. Анан акыры Рахматулла датканы өзүнө конокко чакырат.

Ал убакта Алымбек датка түштүктөгү кыргыздардын көрүнүктүү өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп жүргөн. Ошондон улам Рахматулла датка кыргыздарга ишенбей, өзү менен кошо өзбек улутандагы 60 жигитти ээрчитип алат. Алардын арасында Атамбаевдин бабасы Шахмурад да болгон. Рахматулла датка кыпчактарга да ишенген эмес. Себеби Кудаяр хан көптөгөн кыпчактарды, алардын ичинде Мусулманкул миңбашыны өтө жырткычтык менен өлтүргөн.

Ошондон улам Кокон хандыгынын Бишкектеги өкүлчүлүгүндө жалаң өзбек жигиттер болгон. Ошентип сөздү кыскарта айтканда, Байтик баатыр Рахматулланы 60 жигити менен коноктоп. Шарапка мас кылып, анан алар кайтып кетип жатканда жигиттеринин чабуулуна алдырат. Рахматулланын көпчүлүк жигиттери каза табат. Рахматула өзү дагы. Ошондо аман калгандардын арасында АШАнын бабасы Шахмурад да болгон.

Анан ал Арашан айылына качып келип, ал жердеги кедей жашаган 12 үй-бүлөгө кошулуп калат, өзүн «Баткенден келдим» деп тааныштырып коет. Шахмураддын беш баласы – Асанбай, Атамбай, Отомбай, Тойгонбай, Толкунбай болот. Атамбайдан Шаршен, Шаршенден Алмазбек Атамбаев. Демек, Атамбаевдин түпкү теги барып өзбек улутунан болуп чыгып жатабы?

Албетте, бул жерде өзбек улутун жаман деген эч ким жок. Болгону АШАнын бийликте турган кезинде кыргыздарды дайыма эле жамандап, «Кыргыздын душманы кыргыз, Каныкейди Манас атабыз Ташкентке качырган» деп эле кайталай бергенинин сырын эми түшүнүп жатпайлыбы? Ошондо анын максаты эмнеде эле? Кыргыз элин жамандап отуруп, мамлекетибизди талкалап, биротоло алсындандыруу беле?