Өзгөн районунда Өзгөн шаарында А. Новои мектебинин жаңы имараты колдонууга берилет. Курулуш, жабдуу 99%га аяктаган. Мындан сырткары 2 мектептин курулушу башталат. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришти

Учурда Өзгөн районунун Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылында республикалык бюджеттин эсебинен Р. Конкошев атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу башталууда. Мектептин имараты 1936-жылы курулуп, эскилиги жетип, көп жылдардан бери жергиликтүү бийлик жана айылдын тургундары мектептин жаңы имаратын куруу зарылчылыгы бар экендигин айтып келишкен. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бул маселе чечилип, 2020-жылда республикалык бюджет аркылуу курулуучу объекттердин тизмесине киргизилген.

Мектептин жаңы имаратынын курулуш иштери башталды. Жаңы мектептин имараты 375 окуучулук орунга ылайыкташтырылган. Тендердик баасы-66 млн. сом. Ак-Жар айыл аймагынын Большевик айылындагы С.Эшматов атындагы мектебинин жаңы имаратынын курулушу Сауд Аравиясынын өнүктүрүү программасынын алкагында башталды. Котлованды казуу иштери 2020-жылдын 8-майында башталды.