“Чоӊ Казат” кыймылынын лидери Сыймык Жапыкеев, Жогорку Кеӊештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин 2,5 миллиард доллар акча каражаты бар экенин, ал кайсы бир мезгилде мамлекеттен уурдап алды деп айып коюп жатат.

Кыймылдын активдүү мүчөлөрүнүн бири дагы Жапыкеевдин маалыматын бышыктап, мындай деди: “Биздин экс-прокурор Сыймык Жапыкеев өзүнүн кухнясында отуруп эле, Кубанычбек Жумалиевдин 2,5 миллиард доллар байлыгын таап, бетине коюп берип койду”-деп айтты. С.Жапыкеев болсо, “мен деген келесоо эмесмин да, жөн эле айта бербейм, 2,5 милларды бар деп. Фактыны бир жерине момунтип тыгып, тыгып көрсөтөм” — деп маек берди. Кыргызстанда азырынча миллиард байлыгы бар эч ким жок.

Ал тургай Улуттук Банктын резервинде болгону 2,2 миллиард гана доллар бар. Жапыкеев чоӊ суммаларды айтып жатып, колунда кандай документтери бар экенин, далили жетиштүүбү же жокпу ага токтолгон жок. “7-каналдын” журналисттине берген маегинде, Жумалиев сотко берсе далилдей албай калышы мүмкүн экенин, соттор жөн эле сурап коерун, укук коргоо органдары эмес, элдик көзөмөл менен жазалоо керектигин кошумчалаган.

Ал эми “Чоӊ Казаттын” мүчөлөрү Кыргызстандагы байларды тоноп, үй-мүлкүн тартып алып, тизмеге алынган чиновниктерди мыйзамдын жолу менен эмес, элдик жазага тартып, керек болсо эр өлдүгө чейин бара тургандыктарын айтып жатышат.

Кубанычбек Жумалиев “Чоӊ Казат” коюп жаткан айыптоолор чындыкка дал келбей турганын, бул жалган жалаа, эч кандай мыйзамсыз жол менен мамлекеттин мүлкүн тартып албагандыгын айтып, сотко кайрыла тургандыгын айткан. Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча, Акаевдин бийлиги кулаган акыркы 15 жылда бир нече жолу комиссия түзүлүп, тийешелүү органдар тарабынан дагы текшерүүлөр жүрүп эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эмес.