Бишкек мэриясы коомдук транспорттор автобус менен троллейбустун иштешине уруксат берилбей жаткан себебин түшүндүрдү.

Мэр Азиз Суракматов коомдук автотранспорттун бул түрүнө 11-майдан тартып уруксат берүү пландалганын, бирок оорунун жайылуу коркунучу дагы эле сакталып жаткандыктан маселе ачык бойдон турганын билдирди: «Коронавирустун жугуу коркунучу уланып, аны жугузуп алгандар көбөйүп жаткандыктан бул маселе чечиле элек. Уруксат берүү оору жуккандардын санына жараша болот.

Балким, 20-майга жакындаганда бул маселе республикалык штабда каралышы ыктымал», — деди мэр.