«Урматтуу Нарын облусунун тургундары жана коноктору 15-апрелден баштап, ушул күнгө чейин мурда кийин башыбыздан өткөрбөгөн оор учурду бирге, чогуу өткөрдүк. Биринчиден биз койгон талаптарды так аткарып, мыйзамга баш ийген облустун жашоочуларына ыраазыбыз.

Силер өзгөчө абалдын эрежесин гана сактабастан ага туруштук бердиңер. Баарыңар кылып жаткан ишиңерди токтотуп, коронавирус илдети коркунучтуу экенин, андан үйдө болуп гана сактануу керек экенин түшүнүп, биздин кээ бир ылайыгы келбеген талаптарга баш ийип бердиңер.

Мына азыр баарыбыз жапа тырмак кылган ишибиз жакшы жыйынтык болуп, облус илдетти жеңип келе жатат. Облуска кирген өзгөчө абал учурунда Нарын облусунун жана Ат-Башы районунун комендантурасынын алдында түзүлгөн топтор тынымсыз иштеди. Алар күнү-түнү байланышка чыккан 2000 (эки миң) ден ашуун жарандардын суроолоруна жооп берилди.

Ошондой эле облуста мамлекеттик жана жеке уюмдар максаттуу иш алып барып, облус боюнча 26,428 (жыйырма алты миң төрт жүз жыйырма сегиз) адамга жардам көрсөтүлдү. Башында айтып өткөндөй дүйнө жүзү күрөшүп жаткан бул пандемия абалында кемчиликтер кетпей койгон жок. Аны туура түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ойлойм.

Бул илдет менен алышууда милиция кызматкерлерине айылдардагы жергиликтүү калктан чогулган атайын элдик кошуундар чоң жардам көрсөтүштү. Алар жеңилди жерден, оорду колдон алып турушту.

Өлкөбүздүн эң башкы максаты болгон калктын саламаттыгын сактоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондук мамлекеттик адаминстрациялар, шаардык мэриясы ар тараптуу шарттарды түзүп, Нарын шаары, Кочкор, Жумгал, Ат-Башы. Ак-Талаа, Нарын райондорунун ички иштер бөлүмдөрү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрү, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана медицина кызматынын кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөштү. Убакыт келип Нарын облусунун Ат-Башы районунун комендантурасы өз ишин токтотту. Баардыгыңыздарга ден соолук, бакубат жашоо каалаймын. Сый урмат менен мамиле кылган ишибиздин жыйынтыгы жакынкы күндө чыгып, облус эли бул вирусту жеңет деп ишенем.

Сиздерди урматтоо менен, Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты, милициянын полковниги Уланбек Аалиев.