Жарыя! Жарыя! Жарыя!
Урматтуу калемгерлер! Республикалык коомдук агартуучу “Келкел.кж” журналы 2020-жылдын 12-майынан баштап карантин жана пандемия учурун чагылдырган ырларга, аңгемелерге, пьессаларга конкурс жарыялайт.
Жалпы жоболору:
I. Төмөнкү Жобо конкурсту (мындан ары – Конкурс) уюштуруу жана өткөрүү
тартибин, чыгармачылык эмгектерди тандоонун критерийлерин, катышуучуларды,
конкурстук комиссиянын түзүмүн, жеңүүчүлөрдү сыйлоону тактайт.
1. Конкурс пандемия учурундагы чыныгы адамдык жүздү, баалуулуктарды алып чыгат.
2. Конкурстун уюштуруучусу ‒ Республикалык коомдук агартуучу “Келкел.kg” түстүү журналы.
3. Конкурсту уюштуруунун өнөктөшү Кыргызстан Жазуучулар Союзу.
4. Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн эмгектери журналга басылып чыгат.
II. Конкурстун максаты жана милдеттери:
1. Конкурстун максаты:
2. Чыгармачыл инсандардын ишмердүүлүккө кызыгуусун жана изденүүсүн калыптандыруу;
3. Конкурс төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:
4. Жаштардын, деги эле калктын руханий байлыгын өстүрүү, улуттук аралык биримдикти чыңдоо;
III. Конкурстун катышуучулары:
1. Катышуучулардын жашы, кесиби, улуту чектелбейт.
IV. Конкурстун негизги багыттары жана талаптары:
1. Конкурстун негизги темасы “Адамдык сезимдерге жана баалуулуктарга
карантин жок”:
1. Ыр;
2. Аңгеме;
3. Пьеса.
Чыгармачылык эмгектерди А4 форматында (аңгеменин
көлөмү 12 шрифт менен 2-3 беттен, ырдын көлөмү 16 саптан ашык болбоосу керек,
пьеса 4-5 бет,) boztorgai73@mail.ru дарекке жөнөтүлөт. Чыгарма кыргыз
тилинде кабыл алынат.
V. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү тартиби
1. Конкурстун жыйынтыгы 2020-жылдын 30-июнунда жыйынтыкталып, атайын
чыгармачылык кечеде жарыяланат. (Кайсыл жерде өтөөрү шартка жараша кошумча
айтылат).
2. Конкурс үч этапта өтөт:
I этап – чыгармачылык эмгектерди кабыл алуу (12.05.2020 – 30.06.2020).
II этап – конкурска түшкөн эмгектерди баалоо боюнча конкурстук комиссиянын иши (1.07.2020 – 3.07.2020).
III этап – конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо (болжолдуу түрдө 5.07.2020).
3. Конкурска катышуу үчүн чыгармачылык эмгектерди Уюштуруу комитетине жиберүү керек (boztorgai73@mail.ru).
VI. Конкурстук комиссия:
1. Конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу үчүн конкурстук комиссия түзүлөт, анын
түзүмүнө белгилүү акын жазуучулар, жана чыгармачылык уюмдардын өкүлдөрү
киришет;
2. Конкурстук комиссия конкурска түшкөн эмгектерди талдоо жана баалоону уюштурат;
3. Комиссия конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктайт;
4. Комиссия чогулуштун протоколун бекитет;
5. Конкурстук комиссия кабыл алган чечимдери боюнча түшүндүрмө бербейт.
VII. Конкурсту өткөрүү боюнча колдонмо жана усулдук камсыздоо:
1. Уюштуруу комитети журналдын редакциялык кеңешинин чечиминин негизинде конкурсту башкарат.
VIII. Уюштуруу комитетинин милдеттери:
1. Конкурстун калыстар тобун түзөт;
2. Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн Ардак грамоталарын, дипломдорун даярдайт;
3. Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн эмгектерин чогултуп, журналга басууга даярдайт.
IX. Конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу жана
жеңүүчүлөрүн сыйлоо
1. Конкурстун жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар, дипломдор жана Ардак грамоталар
менен сыйланып, эмгектери журналга чыгарылат:
1 орун – жеңүүчү (50 миң сом) ;
2 орун – лауреат (30 миң сом) ;
3 орун – лауреат (20 миң сом).
Андан сырткары дипломдор, Ардак Грамоталар ыйгарылат.