Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин №04 чечимине ылайык Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын коронавирус оорусунан кайтыш болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча фатвасы чыкты. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дүйнө жүзүн «Сovid-19» же «коронавирус» деп аталган оорунун эпидемиясы каптагандыгына байланыштуу бардык мамлекеттердин өкмөттөрү бул илдет менен күрөшүүгө аракет кылышып, превентивдик жана профилактикалык чаралар көрүлүүдө. Карантинге бүтүндөй шаарлар, ал эмес өлкөлөр да жабылууда. Андыктан коронавирус оорусунан көз жумган адамды жуу, кепиндөө жана жерге берүү маселесинде зарылдыктан улам шарият төмөндөгү көрсөтмөлөрдү берет:

Кайтыш болгон диндеш бир туугандын сөөгүн жуу, кепиндөө жана жаназа намазын окуу мусулмандын мусулманга карата вазийпаларынын эң башында турат. Жуулуп, кепинге оролгон маркумдун жаназа намазын окуу фарзы кифая болуп саналат. Бул вазийпаны бир топ мусулмандар аткарган учурда, калган мусулмандардын мойнунан сакыт болот. Жаназа намазын окуу үчүн атайын бир убакыт белгиленген эмес. Даяр болуп калган сөөктү көп күттүрбөстөн жаназасын окуп жерге берүү негизги иш.

Жугуштуу илдеттин жугуу кооптуулугу бар болгон учурларда жаназа намазын мүмкүн болушунча аз кишинин окуганы абзел. Ошондо да оорунун жугуштуулугун эске алуу менен зарыл чараларды көрүү керек, тактап айтканда, намазга катышуучулардын ортосунда (дарыгерлер айткандай) белгилүү аралык сакталууга тийиш. Мындай кырдаалда эгерде бир нече маркумдун сөөгү даяр болсо, баарына бир жаназа окуу жетиштүү болот. Оорунун жугуу ыктымалы жогору болсо, тиешелүү инсандар тарабынан жерге берилген маркумдун жаназасын, кабырынын башында кыбылага беттенип окууга да болот.

Негизи эле кооптуулук бар болгон учурда деле, адистердин кеңешине ылайык зарыл чаралар жана коргонуу шарттары аткарылган соң маркумду шарият талап кылган тартипте жууп, ак кепинге ороп жерге берүү керек. Бирок, бардык коргонуу чараларынын жана алдын алуу иштеринин аткарылганына карабастан маркумду сууга алган жана шарият талап кылгандай кепинделген учурда башка адамдарга ооруунун жугуу коркунучу бар болсо, анда төмөндөгүдөй амалдар жетиштүү болот:

  1. Белгилүү аралыктан суу куюп же болбосо узактан суу чачып сөөктү жууганга болот.
  2. Эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, анда дарыгерлердин маркумду жуугандыгы жана кепиндегени жетиштүү. Аны кайра ачып жууп, кепиндөөнүн кереги жок.
  3. Маркумду жуу эгерде жугуштуулук өңүттөн коркунучтуу болсо, тийиштүү адистердин көрсөтмөсүнүн негизинде коргонуучу кийимдерди кийип сөөккө таяммум кылдырууга болот.
  4. Коронавирус оорусунан кайтыш болгон адамга жаназа окуу жана ошондой эле анын денесин шариятка ылайык жерге берүү милдеттүү болуп эсептелет. Денени өрттөп же кислота же башка химиялык каражаттарды колдонуп көмүүгө шариятта уруксат берилбейт. Албетте этияттык үчүн вирустан коргоочу жолдордун жардамы менен жерге берилет.
    Сөөктү шарияттык (салттык) тартипте казылган көрүстөнгө кепин менен көмүү кооптуулук жарата турган болсо, атайын (өлүк салуучу) сумка же табыт менен көмүүгө да болот.
    Кырдаалга жараша жана зарылчылыктан улам ушул иштерди аткарып жатсак да, мусулман бир тууганыбыздын астындагы акыркы диний вазийпаларыбызды аткарып жатабыз деген аң-сезимде болуу керек.