Коронавируска каршы күрөшүүгө келген бардык каражаттар тууралуу элге ачык-айкын маалымат берилүүсү керек, деп билдирди депутат Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүн, 11-майда кезектеги жыйынында.

Анын айтымында, коомчулуктун 90% өкмөттүн аткарган ишине нааразы, ишенбейт.

Ачык саясат жүргүзүлбөй чабал иштер көп болууда. Ошондуктан аткаруу бийлиги түшкөн каражаттын барын элге ачык инфографика менен так көрсөтүп бергиле» –деди депутат Жанарбек Акаев.

Ал эми эл өкүлү Тазабек Икрамов казынанын бир бөлүгүн чет өлкөдөгү мекендештер толтургандыктан, учурда аларга жардам берилбей жатканын көтөрдү. «Күнүгө мага Россияда иштеген биздин журтташтардан кайрылуулар көп келүүдө. Алар кыйналышууда, орто жолдо калышты. Ушундай учурда жардам берип, атайын сүйлөшүүлөр менен алып келбейби өкмөт», — деди ал.

Булак: Медиа центр