Белгиленген мөөнөтүнөн мурда түрмөндөн чыгуу үчүн Лос-Анжелес округунда камакта отургандар атайылап коронавирус жуктуруп алууну көздөшкөн. Бул тууралуу Fox News телеканалы билдирген.

Аталган округдун шерифи Алекс Виллануэвунун айтканына караганда өткөн айда камерага түшүрүлгөн видеодон  абакта отургандар дене табын көтөрүү үчүн бир бөтөлкөдөн ысык суу ичишип, бири-бирине бет кап берип жаткандыктарын көрүүгө болот.

Мына ушул окуядан бир жума өткөн соң абакта отурган 21 адамдан COVID-19 аныкталган. Бирок алар бири-бирине атайылап эле оору жуктургандыктарын моюндарына алышкан эмес.

Акыркы маалыматтар боюнча АКШда вирус жуктуруп алгандардын саны 1,34 миллиондон ашса, анын ичинен 80 миң адам бул дүйнө менен кош айтышкан.