Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин 12-майдан тартып өлкөлдө бош күндөрдүн аяктай тургандыгын жарыялады.

«Эртеңден тартып, тагыраак айтканда 12-майдан тартып бүтүндөй өлкө жана экономиканын бардык тармактары үчүн бош күндөрдүн бирдиктүү мезгили аяктайт. Бирок, эпидемияга каршы күрөш токтотулбайт. Анын кооптуулугу дагы деле болсо сакталып калууда», — деп билдирген кечээ 11-майда өткөн брифингде Путин.

Ошону менен бирге эле Путин чектөөлөрдү дароо алып салуу болбой тургандыгын жана ал баскыч-баскычы менен ишке ашырыларын билдирди.

Белгилей кетчү нерсе, 65 жаштан жогорку жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн чектөөлөр сакталат.