Коом

Түркиядагы Кыргызстандын жарандары 15-майда учуп келерин элчиликтен билдирди

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, 15-майда Стамбулдун эл аралык аэропортунан Бишкек шаарына чартердик каттамдагы учак учуп келет. Стамбул – Бишкек каттамын ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк мекемелеринин ортосунда жүргүзүлгөн.

«Авиабилеттердин сатылышы түздөн түз аэропортто тизмеге ылайык жүргүзүлөт. Билеттин баасы 187 еврону түзөт. Уруксат берилген жүктүн салмагы 30 кг», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Жарандардын тизмелери буга чейин элчилик жана башкы консулдук тарабынан расмий сайттарга жарыяланган болчу. Тизмеге биринчи кезекте Түркияга дарылануу үчүн баргандар, улгайган жарандар, балалуу аялдар жана элчилик менен башкы консулдукка расмий түрдө кайрылгандар катталган.

Түркиянын 24 шаарынын ортосунда унаа каттамдары да токтотулганын эске алуу менен элчилик Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен башка шаарлардагы кыргызстандык жарандарды Стамбулга жеткирүү үчүн уруксат алды. Кыргызстандын жарандары аэропортко учак учканга чейин 5 саат мурун барышы керек.

Булак: Баракелде кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button