Тажикстандагы «Akhbor» сайтынын Youtube каналына ооруканада тартылган видео жарыяланды. Видеодон коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылаган медицина кызматкери үстүнө коргоочу кийим, ал эми бутуна кадимки баштык кийип жүргөнүн көрүүгө болот.

Сайттын маалыматы боюнча, аталган тасма Худжанд шаарындагы облустук ооруканада тартылган.
Бүгүн, 11-майга карата Тажикстанда 661 адамдан коронавирус аныкталып, 21 бейтап көз жумду.