Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери күн ысыган мезгилдерде сууга чөгүүлөрдү болтурбоо максатында эл аралап түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдүн, кылмыштуулуктун, жазгы сууга түшүүлөрдүн алдын алууда милиция ата-энелерди да көмөктөшүүгө чакырып, өз балдарына ар дайым көзөмөл кылып турууга үндөшүүдө.

Район аймагындагы Базар-Коргон, Бешик-Жон жана Кеңеш айыл аймактарын аралап өткөн канал жана чоң арыктарга жакын жашаган жашоочулар менен жолугушуулар уюштурулуп, бир катар эскертме баракчалары таркатылды. Азыркы кырдаалга байланыштуу мектеп, балдар бакчалары жабык учурунда үйдө отурган жаш балдардын коопсуздугун камсыздоо жана аларды катуу көзөмөлдөө жагы эскертилди. Акман айыл аймагындагы суу сактагычтын айланасына балык улоого, эс алууга келген атуулдардын жана алар менен кошо келген жаш өспүрүмдөрдүн көлгө сууга түшүүсүнө жол бербөө максатында атайын эскертме табличкалар орнотулду.

Мындан ары да сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге, каналдарга жана чоң арыктарга жакын жайгашкан калктуу конуштарда, атайын айыл башчылар менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушу айыл өкмөттөргө жөнөтүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы