Трамп журналисттер менен болгон кайым айтышуулардан соң пресс-конференцияны токтоткон

304

Ак үйдүн башчысы дүйшөмбү күнү басма сөз менен баарлашып жатып  АКШ башка өлкөлөргө караганда коронавируска алда канча көбүрөөк тест өткөрүп жаткандыгын тууралуу айткан. Бирок, буга ынанбаган журналисттердин биринин: «Адамдар массалык түрдө өлүп жатышса, тест өткөрүп жатканыңызды бул жерде айтып отуруунун канчалык кажети бар?»-деген суроосу Трампка жакпай калган.

Белгилей кетчү нерсе, бул кайым айтышуудан кийинки суроолорго жооп берүүдө Трамп эмоцияга алдыра баштаган жана башка дагы бир журналист менен болгон кайым айтышуудан кийин пресс-конференцияны таштап чыгып кеткен.