Өлкөдө акыркы суткада дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде маалымдады.
Алар: Бишкек шаары – 10 Чүй облусу – 1 Жалал-Абад облусу – 3 Нарын облусу – 7 “Муну ичинен 3 бейтап сырттан келгендер. Ал эми Нарындагы жаңы аныкталган 6 адам медицина кызматкерлери, бул жерде коопсуздук чаралары жакшы сакталбай калганбы айтор ушундай көрүнүш орун алды”, – деди Үсөнбаев.
Муну менен коронавирус өлкөгө келгенден бери 1037 адам ооруну жуктуруп алды.