Өлкө аймагында коронавирус илдети менен өзүн шек санап бизге кайрылган жарандар бар. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, кайрылгандардын арасында 6 жарандан ооруну белгилери чыкты. Учурда алар дарыланып жатышат.
“Бизге бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү атайын бизге оорунун белгилери бар деп тууганын алып келишти. Лобараториялык анализдин жүрүшүндө вирус жуктуруп алганы аныкталды. Мындан тышкары соода-түйүндөрүндө иштегендерди дагы текшерүү иштери жүрүп жатат”,-деди Үсөнбаев.