Ачуусу менен жыланды тиштеп салган индиялык жаран тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кумар аттуу 38 жаштагы жаран, дүкөндөн үйүнө мотоцикли менен баратканда, уулуу кара чаар жылан дөңгөлөгүнө илинип калат. Мас абалында болгон Кумар жыланды колго алып, бир нече аралыкка чейин жүрүп барган.

Кайра токтой калып, жыланды тиши менен жулмалап, экиге бөлүп салган. Ал мастыкка алдырып, жыландын уулуу экендигин билбегенин айткан. Анын билдиришинче, кара чаар жылан мурун да Кумарга тоскоолдук кылып келген жана мотоциклинин дөңгөлөгүнө жабыша калганы ал үчүн акыркы чекит болгон.