Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган пандемиядан улам өлкөнүн 31 провинциясына коменданттык саат киргизилип жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 16-майдан тартып 19-майга чейин кайрадан коменданттык саат киргизилет. Ал ишемби күнү саат 24:00дө башталып, шейшемби күнү түнкү саат 24:00гө чейин уланат.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркияда жалпы 138 миң жарандан вирус аныкталган, ал эми 3 миң 700гө жакын адам каза болгон.