Эми тартип бузгандар 100 фунт стерлинг (9618 сом) төлөйт. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты. Премьер-министр Борис Жонсон, эми ушундай катаал чара көрүлөт деп билдирген. Полиция буга чейин марттын аягында чыккан мыйзамды аткарууга укук алган.

Анда тартипти бузгандарга чара көрүп, 60 фунт стерлинг (5771 сом) өлчөмүндөгү айыпты жазып бере алат. Эгерде аны 14 күнгө жеткирбей төлөсө, 50 пайыздык «жеңилдик» каралган. Ал эми карантиндин эрежесин экинчи ирет бузса, 120 фунт төлөрү жазылган.

Ошентип, улам мыйзам бузган сайын көлөмү жогорулап отуруп, эң жогорку сумма 960 фунт стерлингге (92 379 сомго) жетип, тартипти сактоону көңүлүнө алып койбогон ал адамдын иши сотко өтөрү маалым болгон.

«Жаңы кабыл алынган айыптын көлөмү карантин бузгандар үчүн 100 фунт стерлинг, тезирээк (14 күн ичинде) төлөп салса 50 фунт. Бир нече жолу мыйзам бузса, сумма өсө берет, эң көп болгон учуру 3,6 миң фунтка жетет», — деген Жонсон парламентте сүйлөп жатып.