Коронавирус илдети чыккан Кытайдын Ухань шаарынан жана Гирин провинциясынан кайрадан вирус бир нече кишиден аныкталды. Бул тууралуу BBCнин маалыматында айтылды.

Кечээ дүйшөмбүдө Уханда коронавирус илдетин жуктуруп алган беш киши белгилүү болгон. Шаар бийлиги инфекциясынын очогу болгон чакан квартал бар экенин билдирди.

Эске салсак, Кытай акыркы жумада эпидемиянын жайылышы басаңдагандыктан карантиндик чараларды жумшарткан. Ал эми Ухань шаарында карантин апрелдин башында алынган болчу.

Буга чейин, Кытайдын медициналык органдарынын башчылары жана эксперттер карантиндик чектөөлөр алынып, жарандар кадимки жашоого кайткандан кийин илдетти жуктуруп алгандардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин эскерткен.