Бишкекте “Фрунзе” гипермаркетинин кызматкеринен коронавирус табылды. Бул маалыматты 12-майда брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. “Бишкектеги Vefa соода борборунун “Фрунзе” гипермаркетинин сатуучусу коронавирус жуктуруп алды деген маалымат чынбы?” деген суроого ал:
“Ал өзү кайрылган бейтаптардын бири. Оорунун белгилерин байкап, Санэпидкөзөмөл борборуна кайрылган экен. Ошол жерден лабораториядан текшергенде тастыкталган. Азыр ооруканада дарыланып жатат”,- деди ал.
Министрликтин маалыматына караганда, ошол гипермаркетте иштеген кызматкерлердин баарынын анализи алынып, медициналык көзөмөл жүрүп жатат.