Борбор калаада эртеңден тарта шаарда эркин жүрүүгө уруксат берген кагаздар электрондук түрдө бериле баштайт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, кечээ биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев Салык кызматынын райондук башкармалыктарын текшерип чыккан.

«Вице-мэр Октябрь менен Свердлов районунун салык кызматынын ишине нааразы болуп кайтты. Маалым кат жана патент берүү иштери аябай начар уюштурулган, узун кезек пайда болуп, дистанция сакталган эмес. Ал эми Биринчи Май менен Ленин районунун салык кызматтары ишти жолго сала алган. Ал жерде кезек күткөндөр, ажиотаж болгондор жок», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, ишмердүүлүгүнө уруксат берилген мекемелердин кызматкерлерине иштеген жеринен маалым кат алып, аны райондук салык башкармалыгынан күбөлөндүрүү милдети коюлган. Ал эми жүйөлүү себептер менен көчөгө чыккандар маршруттук кагаз толтуруп, жанына салып жүрүшү керек.