Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдан улам өрттөлгөн үйдүн чыгымы эсептелип бүтө элек. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткендин жана Тажикстандын Согди облус башчыларынын биринчи орун басарларынын денгээлинде сүйлөшүүлөр болгон.

«Тараптар чектеш аймакта, чыр чатактын алдын алуу, пикир келишпестиктерге жол бербөө, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөштү. Ошондой эле чек ара аймакта элдин коопсуздугун сактоо жана коронавирус оорусунун жайылып кетүү коркунучунун алдын алуу максатында, калк жыш жайгашкан чектеш айылдарда милиция кызматкерлеринин жөө кайгуул күзөтүн күчөтө турган болушту. Ал эми буга чейинки кол коюлган макулдашууларга ылайык, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын такталып, жазыла элек аймактарында, курулуш курбоо, убактылуу жер айдап эгин айдоо сыяктуу жумуштарды токтотуп турууну макулдашты. 8-майда болуп өткөн чыр чатактын кесепеттери боюнча эки тараптын тийиштүү кызматтары биргеликте иштеп, келип чыккан материалдык чыгымдарды тактоо боюнча сүйлөшүштү. Ал эми чыр чатакка себеп болгон талаштуу жер тилкелери боюнча, эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясы иштегендиктен, коронавирус оорусу боюнча кырдаал турукташканда, маселелер, эки тараптуу жолугушууда каралаары белгиленди», — деп билдирди.