Экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн уруксат берүүчү документтер ыкчам берилиши керек

743

Экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн бардык уруксат берүүчү документтер ыкчам түрдө, токтоосуз жана кошумча текшерүүсүз берилиши керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 12-майда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Штаб жетекчиси белгилегендей, коомчулук тараптан экономикалык ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берилген уюмдарда иштеген жарандардын каттоо орду боюнча Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктарынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымдама кагазы боюнча көп суроолор берилүүдө.

«Бишкек, Ош шаарларына, Каныш-Кыя айыл аймагына жана Ат-Башы районуна карантинге алынып, белгилүү бир чектөө чаралары киргизилди. Ошол эле учурда экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандандыруу процесси жүрүүдө. Уюмдарга маалымдама кагазын даярдаш керек, ал райондук салык кызматынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Бул документтер менен Салык кызматына уюмдун жетекчилиги же жооптуу кызматкерлери кайрылуусу керек. Салык органдарында экономиканын ар кыл тармактарында иш алып барган компаниялар боюнча маалымат базасы бар,- деди Кубатбек Боронов. Ошондой эле , штаб жыйынында жакынкы күндөрү жарандардын кайрылуулары электрондук форматта каралары айтылды.

Маалымдама кагазы кандайдыр бир карыздарга карабастан күбөлөндүрүлүшү зарыл. Болгону карантин маалында иштөөгө уруксат берилген тизмеге ылайык келиши керек. Ал эми патенти барлар иштеген жеринен маалымдама кагазын алуунун, аны салык органдарынан күбөлөндүрүүнүн кажети жок. Болгону алардын ишмердүүлүгү уруксат берилген тизмеге дал келиши керек.