Бакыт Молдожанов ысымы менен катталган Фейсбук баракчасынын колдонуучусу Москванын коомдук жайларында кыргыз тилинде жарыялар илинип баштаганын айтып, сүрөт жүктөгөн.

«Чынында эле Москва Кыргыз өлкөсүнүн борборуна айланып жатат окшойт. Эмесе, Москва метрополитенинде, МакДональдста жана башка коомдук жайларда жарыялар орус, англис тили менен катар кыргыз тилинде да илинип жатканын кандай түшүнсө болот?», — деп жазган ал.