«Бир бол» фракциясынын лидери, Алтынбек Сулайманов соцтармактагы баракчасына шайлоо системасында эл саясий партияны жана анын тизмесиндеги талапкерди өзү тандоого шарт түзгөн бюллютенди демилгелеп чыкты. Анда эл партия менен катар өзү тандаган талапкерды тандап алууга болот. Депуаттын бул сунушу коомчулук тарабынан колдоого алынса, айрымдары караманча каршы чыкты.  

Сулаймановдун тесктин өзгөрүүсүз беребиз.

Мен сунуштап жаткан шайлоо системасында эл саясий партияны жана анын тизмесиндеги талапкерди өзү тандаганга укук алат. Башкача айтканда, эл өзү тандаган талапкер депутат болгонго шарт түзүлөт. Жыйынтыгында чыныгы элдик лидерлер, кесипкөй, жаратман, билимдүү, акчалуу эмес, элдин ишенимине татыктуу болгон депутаттар шайланат. Тааныш-билиштикке, “золотой” түшүнүгүнө, жердешчиликке, кокустан багы ачылгандарга ж.б. терс көрүнүштөргө эшик жабылат.
1. Шайлоодо коррупция жоюлат, добуш сатып алуунун мааниси калбай калат. Тизмеде 120-катарда турган жөнөкөй мугалим, врач, жаш лидер болобу, элдин колдоосуна ээ болсо биринчи боло алат;
2. Тизмедеги ар бир талапкер шайлоочунун ишенимине киргенге аракет кылат. Депутат болуп келгенден кийин активдүү иштеп, жалпы элдик өкүлгө айланат;
3. Шайлоочулар шайлоо процессине, шайлоонун жыйынтыгына ишеним артат. Шайлоого элдин катышуусу жогорулайт;
4. Гендердик теңчилик сакталат, тизмедеги аялдардын добуштары өзүнчө саналып, аялдардын орду аял менен гана алмашылат;
5. Форма-2ни колдонуп, элди ары-бери ташуунун мааниси калбай калат;
6. Партиялар үчүн тизме түзүү да жеңил болот. Расписка жазып, ант берип, каргануунун кажети жок болот. Анткени добуш берүүнүн жыйынтыгы менен тизмени эл аныктайт;
7. Бул сунушту ишке киргизүү үчүн ашыкча каражаттын кереги жок. Азыркы учурда шайлоодо колдонуп жаткан жабдыктар (АСУ) жетиштүү жана 1 барак бюллетень менен ишке ашырса болот.

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев: Техникалык жактан алып караганда маселе жаралат

-Депутаттын сунушу менен таанышып чыктым. Мындай практика башка мамлекеттерде дагы бар. Ал жактын менталитети, шайлоо системасы такыр башка. Бизде шайлоо тартиптери башка. Ошол эле бюллютенди алалы бир партияда эле 100дөн ашуун талапкер бар. Алардын баарын бюллютенге батырууга мүмкүн эмес. Техникалык жактан алып караганда маселел жаралат. Биздин элде көзгө көрүнүп калган депутаттарга добуш бергиси келет. Тизмедеги талапкерлердин бардыгы менен шайлоочулар сан менен тааныша албайт да.

Жарандык активист Канат Мидин уулу: Демилге ишке ашса шайлоочулардын таасири күчөмөк

-Бул демилгени толугу менен колдойм. Буга чейинки шайлоолордо партиянын лидерлери төбөсү көрүнгөн адамдарды тизмеге киргизип, кийин шайлоодон өткөн соң аны чийип, жең ичинен соодалашып, мансаптуу, акчалуу адамдар парламенттин креслосун кучактап отурат. Орто жолдо талапкердин укугу бузулуп, коррупциялык схемалар ишке ашып жатат. Эгер биз шайлоодо элдин тандоо укугуна көбүрөөк көңүл бурсак Жогорку Кеңешке билимдүү, эл үчүн иштеген адамдар басымдуу болмок. Шайлоого болгон элдин таасири күчөмөк. Ал эми бюллютендеги техникалык маселени чечип койсо болот. Ал анчалык деле оорчулук маселени жаратпайт.  

Укук коргоочу, Токтайым Үмөталиева: Сунушту саясий популизм деп бааладым  

Бир эле партияда эле 120 депутат бар. Алардын баарын бир тоголок кагазга киргизүүгө мүмкүн дагы эмес. Коррупцияга жол ачат. Бул сунушту сасий популизм деп бааладым. Биз алды менен элдин шайлоо укугун түп тамыры менен өзгөртүп чыгуубуз керек. Азыр мансаптуулар депутат болгонго көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзгөн шайлоо системасы иштеп жатат. Андыктан элдин шайлоого болгон мүдөөсүн ишке ашыралы десек референдум жолу менен 2010-жылдагы шайлоо кодексине кайтып келишибиз керек.

Булак: kadam-media.kg