Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков №8 түзөтүү абагынан СИЗО-1ге которулат. Бул тууралуу Биринчи Май районунун чечими чыкканын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

«№8 түзөтүү абагына которулган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду СИЗО-1ге кайра которуу чечими чыкты. Исаковдон жана дагы 7 кишиден анализ алынат», — дешти мекеменин басма сөз кызматынан.

Эске салсак, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 22-апрелде комиссиянын чечими менен жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиевди №47, Сапар Исаковду №8 жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовду №27 жалпы режимдеги түзөтүү абактарына которуу чечимин кабыл алган.