Чет элдик маалымат булактарынын берген маалыматына таянсак, Бразилиянын Сан-Паулу шаарындагы Рим ооруканасына дарыланууга келген бейтаптын үч бөйрөгү бар экени аныкталды. Маалыматка ылайык, 38 жаштагы жаран бел оорусу менен ооруканага келген.

Дарыгерлер бейтаптын грыжасы бар дисктин компьютердик томографиясын текшерип, андан эки эмес, үч бөйрөгү бар экендигин көрүшкөн. Томографиядан байкалгандай, бейтаптын сол жагында бир жана оң жагында эки бөйрөк бар экени жана алар жакшы иштеп жаткандыгы белгилүү болгон .

Дарыгерлер буга чейин мындай окуяга туш болбогондугун жана бул эч кандай коркунуч туудурбашын айтышкан.