Кытайда Цзинин медициналык университетинин физиология департаментинин окумуштуулары изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, коронавирус менен ооруган айымдар балалуу болбой калышы мүмкүн экендигин айтып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлашты.

Маалым болгондой, вирус айымдардын репродиктивдүү системине өзүнүн терс таасирин тийгизет. Патоген жыныс жана заара системине ACE2 белогу аркылуу вирус аялдардын организмине кирет. Окумуштуулар CoViD-19 жатынды, плацентаны жана энелик безди жабыркатышы мүмкүн экендигин эскертишет.

Андыктан, окумуштуулар коронавирустан айыгып чыккан бейтаптарга дарыгерлердин кароосунан өтүп турууну сунуштайт.