Жогорку Кеңештин комитет жыйынында «СДПК» фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өкмөт башчыга кайрылып:

«Карвенди сүйрөлүп жүрүп бир жылда араң чечтиңер. Деги эле экономика министрине жарыбай койдук. Мурдагысын эптеп кетирсек, эмдигисинин деңгээли төмөн. Кино театрларды, гемодиализди айтып олтурат. Гемодиализдерди ишкерлер өздөрү келип атышат. Ири инвесторлорду болсо кубалап жибердик. Андыктан жеке секторлорго берилиш керек. Пандемия болду эле, жакшыраак ооруканабыз жок. Өзүңөр кура албасаңар бергиле жеке менчиктерге. Алар кандай сонун аппараттарды алып келет эле. Орус кыргыз фондунун акчасын бергиле да. Энергетика болсо таптакыр тормоз токтоп турат. Азыркы өндүрүлгөн баадан үч төрт эсе кымбат сатсаңар болмок. Айыл чарба болсо ноль»-деди ал.