Санкт-Петербургда коронавирусту жуктургандар жаткан оорууканада өрт чыкты

Россиянын Санкт-Петербург шаарында COVID-19 менен ооругандарды дарылап жаткан бейтапканада өрт чыгып 5 киши каза болду. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Санкт-Петербург шаарындагы Святой Георгий ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө өрт чыккан .

Өрттөн 5 адам каза болуп, 150 бейтап башка орундуктарга которулган. Маалым болгондой, Өрт электр шаймандарынын туура эмес орнотулганынан келип чыккан.