Тышкы иштер министри (ТИМ) Чыңгыз Айдарбеков 12-майда онлайн брифингде сүйлөп жатып чет мамлекетте жардам сурап кайрылган жарандарды алып келүү иши күнү-түнү уланып жатканын айтып, бүгүнкү күнгө карата 9196 жаран өз мекенине келди.

«ӨК жана ӨА киргизилген учурдан тарта Кыргызстанга дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн авиация жана жер аркылуу 9196 мекендешибиз кайтып келген. Бүгүнкү күндө чек аралардын жабылышынан жана авиабилдирүүлөрдүн токтошунан улам биз кыргызстандыктарды мекенине кайтарып алуу боюнча жолдорду издеп жатабыз», — деп билдирди тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков.

Анын айтымында, акыркы 12 күндүн ичинде Кыргызстанга чет мамлекеттерден 995 жаран кайтып келди.