Биз өтө бактылуу жандар элек. Сүйлөшүп жүргөндө сени апам өз кызындай көрөт көрөсүң го дей берет элең. Ооба, ошол күн келип баш коштук. Чынында башында баары жакшы болчу. Балээнин баары абысынымдын ичи тардыгынан башталды.

Мен барган соң үйдө эки келин болдук. Ал тамак жасаганда өзүм билип идиштерди жууп, үй жыйнап кирем. Кайненем бирдей мамиле кылат экөөбүзгө. Күндөрдүн биринде апам мага күн ысып калды бутуңа алып ал деп акча берди.

Чынында абысынымда толтура кийим кече,бүт кийимдери бар экен. Бирок мага апам акча бергенин көрүп, эки келинди бирдей карайт, буга чейин жасаган иштеримди, сизге кылган жакшылыгымды жаңы келин келип унуттуңузбу?

Бизди деле карап койсонуз деп долуланып кирди. Сыягы кызганды окшойт. Апам кой балам, бул жаш көп нерсени билбейт, сени канча карадым, мага экөөң бирдей, сага деле сатып берип жүрдүм.

Азыр акча тартыш дегенине кулак салбады. Ал болуп өттү, анан абысыным экөөбүздүн ортобузда күрөш башталды. Акырында жолдошума бөлүнүп кетели дедим. Ал экөөңдүн тирешиңден тажадым.

Сен кичинесиң унчукпай кал деп кагып салды. Ыйладым, эмне кылсам, ар кандай ой келди. Күндө эрте туруп апама чай берип, короо шыпырып апамдын көңүлүн ала баштадым. Күндөр өтө берди, башым ооруй турган болду. Шалдырайм, алым кетет, жолдошум менден алыстап баштады.

Бир күнү өзүмдүн апамдын үйүнө бардым. Ооруп турганымды көрүп молдого окутту. Анан ал молдо абысыным ажырашып кетсин деп окутуп салганын айтты. Үйгө келип молдо айткан жерден, чач, тырмак, түйүлгөн топурак таптым.

Эми кантем, үч баласы менен абысынымды кантип кайнагам менен ортосуна чуу салам, же өзүм кетип калсамбы? Жолдошума айтсам ал баары бир ишенбейт мындайга.

Акырын айтып, башка жакка көчүп кетсекпи, бирок үйдүн кичүүсү болгон соң кайда кетем дейт, анын жообун билем.