Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда өрттөлгөн турак үй кайра курулат

от автора

в

8-майда кыргыз-тажик чек арасында орун алган чыр чатактын кесепетинен толугу менен өрттөлгөн турак үйдү кайра куруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматька ылайык, өкүлчүлүк жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясы каржы булактарын аныктады.

Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов турак үйсүз калган үй-бүлөнүн муктаждыгын кечиктирбей чечүү максатында, тергөө иштеринин жыйынтыгын күтпөй, курулушту баштоо, турак үйдү күз айларына бүткөрүү, тапшырмасын берди.

Ал эми турак үйдүн өрттөлүшү боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын Баткен-Согди облустарынын тийиштүү укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө.


Комментарии

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *