2019-жылы Өкмөт тарабынан үй-бүлөнүн жана балдардын абалын жакшыртуу боюнча бардык зарыл болгон иш-чаралар ырааттуу түрдө ишке ашырылып келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

2019-жылдын 1-декабрынан тартып үй-бүлөдө үч, же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» дайындала баштады. 2019-жылдан бүгүнкү күнгө дейре 6 үй-бүлөдө төрөлгөн ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку жөлөкпул берилген, бул максатта республикалык бюджеттен 900 миң сом бөлүнгөн.

Ошондой эле 2019-жылы бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду (4000 сом өлчөмүндө) – 161,8 миң адам, ал эми 2018-жылы 90,9 миң адам алган.

2019-жылдын июль айынан тартып «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулун «бирдиктүү терезе» принциби боюнча берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн механизми ишке киргизилди. Мында арыз ээлери кайрылган жерине карабастан төлөмдү банктын каалаган филиалынан ала алат.