Ысык-Көлдө боюнда бар аялдын сабалышы боюнча иш иликтенип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 7-май күнү Каракол ШИИБине 1988-жылы туулган аял арыз менен кайрылган. Арызда чогуу жашаган 40 жаштагы жаран аны сабаганы жазылган.

«Арыз жазган аял мурда дагы үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болуп жүргөн. Бирок ал милицияга кайрылган эмес. Азыр анын 5 айлык боюнда бар. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү жүргүзүлүүдө. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп билдиришти милициядан.